Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Дөң-Булак айылдык Кеңешинин V-шайланган депутаттарынын XII кезексиз сессиясы
2016-жылдын 08-ноябры №44
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн Дөң-Булак-1 айылынын тургундарына турак жай куруу үчүн түзүлгөн башкы планын бекитип берүү жөнүндө
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн Дөң-Булак-1 айылынын тургундарына турак жай куруу үчүн жер аянтына башкы планы жоктугуна байланыштуу башкы планын түзүү үчүн жана Дөң-Булак-1 айылынын тургундарына турак жайга болгон муктаждыктарын жана суроо талаптарын канааттандыруу максатында Дөң-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн Дөң-Булак-1 айылынын тургундарына турак жай куруу үчүн жер аянтына 49-12 шифрлүү башкы планы бекитилип берилсин.
2. Өзгөн райондук архитектура жана курулуш башкармасынан тиешелүү документтерди даярдап, жер участогун бөлүп берүү жана курулуштун жүрүшүнө көзөмөлдөө жагы суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарлышын көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | А.Тагаев |