Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Дөң-Булак айылдык Кеңешинин V-шайланган депутаттарынын XII кезексиз сессиясы
2016-жылдын 08-ноябры №45
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2016-жылга бекитилген бюджетине кошумча өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-январына карата 2015-жылдын бюджетине каралган чыгаша бөлүгүн сарамжалдуу пайдалангандыктан жана белгиленген тапшырмадан киреше бөлүгүн ашыкча аткарылгандыгынын натыйжасында бош (свободный остаток) 3033,7 (үч миллион отуз үч миң жети жүз) сом акча каражаты калган жогорудагы акча каражатынан пайдалануу максатында аткарыла турган жумуштардын арасынан Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Г.Титов орто мектебине окуучуларга ашкана куруу үчүн бош (свободный остаток) каражаттын эсебинен жана билим берүү бөлүмүнүн 2222 статьясынан конкурстун негизинде уномдолуп калган калдыктын эсебинен, Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 11-июну № 78, мыйзамынын, “Чыгымдардан ашкан кирешелерди пайдалануу боюнча мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарынын” 17-беренесине ылайык, Дөң-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Г.Титов орто мектебине окуучулар үчүн ашкана курууга, 618,7 миң сом калдыктын эсебинен жана билим берүү бөлүмунун 2222 статьясынан конкурстун негизинде үнөмдөлүп калган калдыктын эсебинен 19,3 миң сом бөлүнүп, билим - берүү бөлүмүнүн 3111 статьясына жалпысынан 638,0 миң сом каралып, аткарууга алынсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет, финансы, салык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Тагаев |