Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин 6- чакырылышынын 1- уюштуруу заседаниеси
2017-жылдын 20-февралы № 3/1
Гүлчө айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2016-жылдагы аткарылышы, 2017-жылга жергиликтүү бюджетин бекитүү жана 2018-2019-жылдарга жергиликтүү бюджетинин планынын долбоорун бекитүү
Гүлчө айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы М.Тажикова «Айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2017-жылга жана 2018-2019-жылга болжолдуу пландарын бекитүү» боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун негизинде Гүлчө айылдык кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Гүлчө айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы бекитилген бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн планы 31189,5миң сом болуп бекитилип. Жыл ичинде киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолордун негизинде киреше бөлүгү 32777,1миң сом болуп, 105% га аткарылгандыгы белгиленсин.
2. Гүлчө айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын жергиликтүү бюджети Кыргыз Республикасынын Каржы Миңистрлиги тарабынан берилген контролдук сумма оздук кирешеден 23845,0миң сом, толуктоочу гранттан-3769,3 миң сом, атайын каражаттан 4000,0 миң сомго болуп жалпы киреше 31614,3 миң сомго айыл өкмөтүнүн өздүк расчетунун негизинде 2017-жылы Гүлчө айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелер бөлүгү 31614,3миң сомго жана чыгашалар бөлүгү 31614,3миң сом болуп бекитилсин.
3. Гүлчө айыл өкмөтүнүн 2017-жылга кирешелер бөлүгү боюнча чакан ишкердиктин субьектилери үчүн бирдиктүү салык 98,0 миң сом, милдеттуу патенттик негизде алынуучу киреше салыгы 224,0 миң сом, ыктыярдуу патент салыгы 3607,0 миң сом киреше салыгы 13940,0 миң сом, 2-топтогу ишкердик иши учун пайдаланылган кыймылсыз мулкко салык-300,0 ми н сом, Юридикалык жактардын транспорттук каражаттарына салык-426,4 миң сом, Жеке жактардын транспорттук каражаттарына салык-1153,6 миң сом, Короо жанындагы жана дачалык жер участокторун пайдалануу учун жер салыгы-121,0 миң сом,Айыл чарба жерлерин пайдалануу учун жер салыгы -47,0 миң сом, Калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалануу учун жер салыгы-890,0
4. миң сом, Сатуудан салык-2214,0 миң сом,Дагы башка жер астындагы суулар-7,0 миң сом, Калктуу конуштарда жер ижарасы учун акы-350,0 миң сом,Жайыт ижарасы учун акы-12,0 миң сом,Жерди кайра болуштуруу фондунун жерлеринин ижара акысы учун акы-90,0 миң сом,Муниципиалдык менчикте турган жайлардын, имараттардын жана курулмалардын ижара акысы-35,0 миң сом, Таштандыларды ташып чыгаруу учун жыйым-330,0 миң сом,Мектептерге чейинки жана мектеп мекемелерине кошумча кызмат корсотуу акысы-4000,0 миң сом,Теноочу гранттар 3769,3 миң сом.
Жалпы киреше 31614,3 миң сом суммасында бекитилсин.
5. Гүлчө айыл өкмөтүнүн 2017-жылга чыгаша бөлүгү башкаруу аппаратына 8415,9 миң сом, Коргоого-50,0 миң сом,Экономикалык маселелерге-60,0 миң сом, билим берүүгө 15323,8миң сом, маданият тармагына 1668,2миң сом, коммуналдык тейлөө кызматы үчүн 5798,6 миң сом, 710 разд(Даталуу кундор) – 297,8миң сом. Жалпы чыгаша 31614,3 миң сом суммасында бекитилсин.
6. Гүлчө айылдык өкмөтүнүн 2017-жылга бекитилген бюджетинин киреше бөлүгүнөн сырткары түшкөн кирешелерге айыл өкмөтүнүн билдирүүсүнүн негизинде кошумча план боюнча өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү менен айылдык кенештин сессиясына сунуш кылуу Гүлчө айылдык кеңешинин экономика, бюджет муниципалдык менчик, инвестиция ишкердик кылуу жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
7. Гүлчө айыл өкмөтүнүн 2018-жылга 32436,3 миң сом, 2019-жылга 33664,9 миң сом бюджетинин долбоору жактырылсын.
Кабыл алынган токтомдун аткарылышын жана каралган беренелердеги акча каражаттарынын максатуу каржыланышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы Болбур уулу Алтынбек жана ФЭБ башчысы М.Тажиковага милдеттендирилсин.
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Гүлчө айылдык кенешинин экономика, бюджет муниципалдык менчик, инвестиция ишкердик кылуу жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К.Исмаилов |