Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин 6- чакырылышынын 3- уюштуруу заседаниеси
2017-жылдын 20-февралы № 3/6
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 23.09.2011-жылы чыккан №571 токтомуна ылайык комиссия курамын бекитүү жөнүндө
Гүлчө айыл өкмөтүнүн айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын 3-заседаниеси Гүлчө айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси А.Аттокуровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Гүлчө айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси А.Аттокуровдун билдирүүсү эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 23.09.2011-жылы чыккан №571токтомуна ылайык түзүлгөн Гүлчө айыл өкмөтүнүн алдындагы калктуу конуштардагы жер участокторуна менчик же ижара укугун берүү боюнча төмөндөгүдөй комиссиянын курамы бекитилсин.
1. Каришов Султан - Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысынын орунбасары, комиссиянын төрагасы
2. Аттокуров Алымбек - Гүлчө айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси, комиссиянын катчысы
3. Жээнбеков Дамир - Гүлчө айылдык кеңешинин депутаты комиссиянын мүчөсү
4. Алтыбаев Талант - Гүлчө айылдык кеңешинин депутаты комиссиянын мүчөсү
5. Исаева Ороз - Гүлчө айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысынын орун басары, комиссиянын мүчөсү
6. Бадинов Эркин - Алай райондук шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынан бир өкүл, комиссиянын мүчөсү (макулдашуусу менен)
7. Тойгонбаев Камал- Алай райондук кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан бир өкүл, комиссиянын мүчөсү (макулдашуусу менен)
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Болбур уулу Алтынбекке жүктөлсүн.
Төрага | К.Исмаилов |