Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин 6- чакырылышынын 3- уюштуруу заседаниеси
2017-жылдын 20-февралы № 3/7
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 29.06.2007-жылдагы чыккан №1997-III токтомуна ылайык Гүлчө айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлерин ижарага берүү боюнча комиссиянын курамын бекитүү жана КБФнун жерлеринин ижара мөнөөтү бүткөндүгүнө байланыштуу, жерлердин ижара акысынын алгачкы баасын аныктоо жөнүндө
Гүлчө айыл өкмөтүнүн айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын 3-заседаниеси Гүлчө айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси А.Аттокуровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Гүлчө айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси А.Аттокуровдун билдирүүсү эске алынсын
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 29.06.2007-жылдагы чыккан №1997-III токтомуна ылайык Гүлчө айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлерин ижарага берүү боюнча төмөндөгүдөй комиссиянын курамы бекитилсин.
1. Токтосунов Эркинбек - Гүлчө айылдык кеңешинин депутаты, комиссиянын төрагасы
2. Кадырова Элиза - Гүлчө айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы, комиссиянын катчысы
3. Каришов Султанбек - Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары, комиссиянын мүчөсү
4.Байгазаков Төлөн - Гүлчө айылдык кеңешинин депутаты комиссиянын мүчөсү
5. Талантбек уулу Азамат - Гүлчө айылдык кеңешинин депутаты комиссиянын мүчөсү
6. Аттокуров Алымбек - Гүлчө айыл өкмөтүнүн жер боюнча адиси, комиссиянын мүчөсү
7. Тоймаматов Максутали - Таш-Короо айылынын айыл башчысы комиссиянын мүчөсү
8. Молдоматов Каныбек - Жылы-Суу,Кара-Булак айылынын айыл башчысы комиссиянын мүчөсү
9. Капаров Асатилла - Чакмак айылынын айыл башчысы,комиссиянын мүчөсү
3. Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу Таш-Короо, Жылы-Суу,Кара-Булак жана Чакмак айылдарындагы кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлеринин ижара мөнөөтү бүткөндүгүнө байланыштуу ошол эле жерлердин ижара акысынын алгачкы баасытөмөндөгүдөй болуп бекитилсин.
1га кайракы айдоо үчүн – 400 сом болуп бекитилсин.
1га чөп чабынды үчүн - 350 сом болуп бекитилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Гүлчө айыл өкмөтүнүн
башчысы Болбур уулу Алтынбекке жүктөлсүн.
Төрага | К.Исмаилов |