Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылык кеңешинин 6-чакырылышынын 3-заседаниеси
2017-жылдын 20-февралы № 3/11
Гүлчө айыл өкмөтүнүн аймагындагы жолдорго, арыктарга, каналдарга үйдөн чыккан саркынды сууларды агызууга тыюу салуу жөнүндө
Гулчө айыл өкмөтүнүн айылдык Кенешинин 6-чакырылышынын 3-заседаниеси Гулчө айылдык кенештин депутаты Н.Самиевдин билдируусун угуп жана талкуулап,Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун негизинде Гүлчө айылдык кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Гүлчө айыл өкмөтүнүн аймагындагы жолдорго, тротуарларга, арыктарга, каналдарга үйдөн чыккан саркынды сууларды агызууга жана жолго килем, паластарды жууганга тыюу салынсын.
2. Саркынды сууларды сыртка агызган жарандарды аныктоо жана аныкталган жарандарды кат жүзүндө тиешелүү мекемелерге жөнөтүү айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлерине милдеттендирилсин.
3. Жогорудагы талаптарды бузган атуулдарга чара көрүү жагы райондук ооруларды алдын алуу жана Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунан суралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К.Исмаилов |