Редакцияот 20.02.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ГҮЛЧӨ АЙЫЛЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Гүлчө айылык кеңешинин 6-чакырылышынын 3-заседаниеси

 

2017-жылдын 20-февралы № 3/12

Гүлчө айылындагы бардык дүкөн, кафелерде жашы жете элек өспүрүм балдарга спирт ичимдиктерин, тамеки, насвай жана энергетикалык ичимдиктерди саттырбоо боюнча

Гүлчө айылдык кеңешинин 6- чакырылышынын кезектеги 3-заседаниеси Гүлчө айылдык кеңешинин депутаты А.Бакаеванын билдирүүсүн угуп, талкуулап жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын» 36- беренесинин 1- пунктун жетекчиликке алып

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Гүлчө айылында жайгашкан бардык соода сатык дүкөндөрү, кафелери жана башка камок , ларектердин иштөө графиги 08.00 дөн 23.00 гө чейин бөлүп бекитилсин.

2. Гүлчө айылында жайгашкан бардык кафе жана ресторандарында мектеп окуучуларынын оюн-зоок кечелерин өткөрүүгө тыюу салынсын.

3. Гүлчө айылында жайгашкан бардык соода сатык дүкөндөрү, кафелери жана башка камок , ларектер 16 жашка чейинки мектеп окуучуларына тамеки, насвай, энергетикалык жана спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынсын.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Болбур уулу Алтынбекке милдеттендирилсин.

 

Төрага

К.Исмаилов