Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылык кеңешинин 6-чакырылышынын 3-заседаниеси
2017-жылдын 20-февралы № 3/13
Гүлчө айылы 20-февралы 2017-жыл Гүлчө айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-январына карата калган калдык акча каражатын сметага бекитип берүү жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын 3 -заседаниеси Гулчө айыл өкмөтүнүн Финансы экономика бөлүмунун башчысы М.Тажикованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Гүлчө айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Гүлчө айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-январына карата калган калдык бюджеттен 2781,0 миң сом, атайын каражаттан 350,5 миң сом бардыгы 3131,5 миң сом акча каражаты 2017-жылдын сметасынын кирешелер жана чыгашалар болугу зарыл болгон муктаждыктарга жараша төмөндөгүдөй бөлүп бекитилсин.
1. Башкаруу аппаратына 701 – бөлүм 138,9 миң сом
2. Коргонуу бөлүмуно 702 –бөлүм 160,0 миң сом
3. Экономикалык маселелер 704-бөлүм 550,0 миң сом
4. Коммуналдык тейлөө кызматына 706-бөлүм 807,6 миң сом
5. Маданиятка - 708-бөлүм 442,2 миң сом,
6. Билим берүүгө 709-бөлүм 682,3 миң сом
7. Атайын каражат балдар бакчасына 709-бөлүм 350,5 миң сом
Жалпы чыгаша 3131,5 миң сом суммасында бекитилсин.
2. Каралган бюджеттин смета боюнча өз убагында аткарылышын камсыз кылуу жана мыйзам чегинде жумшоо айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы М.Тажиковага милдеттендирилсин
Төрага | К.Исмаилов |