Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылык кеңешинин 6-чакырылышынын 4-заседаниеси
2017-жылдын 3-марты № 4/1
Айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын социалдык-экономикалык планынын аткарылышы жана 2017-жылдарга жергиликтүү жамааттын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн жана калкты социалдык коргоонун программаларын бекитүү боюнча
Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысынын «Айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын социалдык-экономикалык планынын аткарылышы жана 2017-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү планын бекитүү боюнча» билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун негизинде Гүлчө айылдык кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Гүлчө айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча аткарылган иштер боюнча Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысынын отчету кемчилдиктери менен эске алынсын.
2. Гүлчө айыл өкмөтүнүн 2017-жылдарга жергиликтүү жамааттын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн жана калкты социалдык коргоонун программалары бекитилсин.
3. Гүлчө айыл өкмөтүнүн 2017-жылга карата социалдык – экономикалык өнүгүүсүндө белгиленгендерди камсыз кылуу үчүн ата-мекендик, чет элдик инвестицияларды тартуу менен жамааттарды катыштыруу, жергиликтүү бюджетин киреше булагын толтуруу, муниципалдык менчикти максатуу пайдалануу, айыл чарба багытындагы кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин конкурстук негизде берүүнү уюштуруу, кыймылсыз мүлктөрдүн так жана толук эсебин алуу боюнча иштерди аткаруу айыл өкмөтүнүн башчысына жана тиешелүү жооптуу кызматкерлерине милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин экономика, боюджет, инвестициялар жана ишкердик кылуу маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К.Исмаилов |