Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылык кеңешинин 6-чакырылышынын 4-заседаниеси
2017-жылдын 3-марты № 4/3
Гүлчө айыл өкмөтүнүн 2017-жылга карата жергиликтүү бюджеттин киреше булагы болуп эсептелген таштандылар үчүн алынуучу жыйымдын тарифин бекитүү жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын кезексиз 4-заседаниеси айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча бөлүм башчысы И.Жамшитовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айылдык кеңешинин 5-чакырылышынын 3-заседаниесинин 2013-жылдын 19-апрелдеги №4/9 токтому күчүн жоготсун.
2. 2017-жылга карата жергиликтүү бюджеттин киреше булагы болуп эсептелген таштанды үчүн алынуучу жыйымдын тарифи ар бир жанга бир жылына 40 (кырк) сом болуп бекитилсин.
3. Жергиликтүү бюджеттин киреше булагы болуп эсептелген таштандылар үчүн алынуучу жыйым Гүлчө айыл өкмөтүнүн Гүлчө айылынын каттоосуна карабай баардык жашоочуларынан алынсын.
4. Жогорудагы алынуучу жыйымдар 1-топтогу майыптар, афган согушунун катышуучулары жана Чернобыль кесепетин жоюуга катышкандарга жыйымдык тарифтен 50% бошотулсун.
5. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Гүлчө айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы М.Тажиковага милдеттендирилсин.
Төрага | К.Исмаилов |