ГҮЛЧӨ АЙЫЛЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылык кеңешинин 6-чакырылышынын 4-заседаниеси
2017-жылдын 3-марты № 4/4
Малдарды идентификациялоо жана көзөмөлдөө боюнча Кыргыз Республикасында «Малдарды идентификациялоо» мыйзамына ылайык Гүлчө айыл өкмөтүнүн аймагында жаныбарларды идентификациялоо жана көзөмөлдөө системасын маалымат базасына киргизгендиги үчүн оператордун айлык акысын жана ветеринардык врачтын кызмат акысын бекитип берүү жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын кезексиз 4-заседаниеси Малдарды идентификациялоо жана көзөмөлдөө боюнча Кыргыз Республикасында «Малдарды идентификациялоо» мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-декабрындагы №694, 2016-жылдын 11-апрелиндеги №187 токтомдорунун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынын 2017-жылдын 20-февралындагы №031 буйругунун негизинде малдарды идентификациялоо жоболоруна таянып жана 2016-жылдын 11-15-июлунда ЕАЭСтин мүчөлүгүнө кирген мамлекеттердин шарттарына ылайык Гүлчө айыл өкмөтүнүн аймагында жаныбарларды идентификациялоо жана көзөмөлдөө системасын маалымат базасына киргизгендиги үчүн оператордун айлык акысын жана ветеринардык врачтын кызмат акысын бекитип берүү үчүн Гүлчө айыл өкмөтүнүн ветеринардык адиси М.Борбоевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Малдарды идентификациялоо жана көзөмөлдөө боюнча Кыргыз Республикасында «Малдарды идентификациялоо» мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-декабрындагы №694, 2016-жылдын 11-апрелиндеги №187 токтомдорунун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынын 2017-жылдын 20-февралындагы №031 буйругу жетекчиликке алынсын жана аткарылышы камсыздалсын.
2. Гүлчө айыл өкмөтүнүн аймагында малдарды идентификациялоодо ар бир малга 70 сомдон болуп бекитилсин жана оператор үчүн жыл жыйынтыгы менен бир айлык акы өлчөмүндө акчалай сыйлоо сунушталсын.
3. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Болбур уулу Алтынбекке жүктөлсүн.
Төрага | К.Исмаилов |