Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылык кеңешинин 6-чакырылышынын 4-заседаниеси
2017-жылдын 3-марты № 4/5
Гүлчө айылынын ички көчөлөрүнө оор жүк ташуучу автоунааларды киргизүүгө тыюу салуу жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын кезексиз 4-заседаниеси Гүлчө айылдык кеңешинин Этика, мыйзамдуулук,укук тартибин чындоо жана Кеңештин иштери жөнүндөгү маселелер боюнча комиссиянын төрагасы А.Бакаеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Гүлчө айылынын ички көчөлөрүнө жарандардын жана турак үйлөрдүн коопсуздугун сактоо максатында оор жүк ташуучу автоунааларды киргизүүгө чектөө коюп берүү жагы тиешелүү мекемелерден суралсын.
2. Тиешелүү мекемелерден жооп келгенден кийин арыз ээлерине жооп берүү жагы каралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К.Исмаилов |