Загрузка документа…
КАЗАН –КУЙГАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 15-сентябры № 1
Казан-Куйган айылынын башкы планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу архитектура,курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги тарабынан чийилген Казан-Куйган айылынын башкы планын бекитүү максатында Казан-Куйган айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу архитектура,курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги тарабынан чийилген Казан-Куйган айылынын башкы планы бекитилсин.
2. Казан-Куйган айылынын башкы планы айылдын келечектүү иштерине пайдаланылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы турак-жай,өзгөчө кырдаалдар жана жерге жайгаштыруу боюнча башкы адис Ж.Карабагышовго жүктөлсүн.
Төрага | М.Солтонкулов |