Загрузка документа…
КАЗАН –КУЙГАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Казан –Куйган айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 26-чакырылыштын кезексиз 35-сессиясы
2016-жылдын 6-декабры № 1
Казан-Куйган айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн үнөмдөлгөн акча каражатын чыгымдоо жөнүндө
2016-жылдын Казан-Куйган айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнөн көмүргө каралган акча каражатынан : “Акыл-Кенчи” балдар бакчасына 72000 сом каралган.
Көмүр алуу үчүн тендер жарыяланып,баасы бекилген суммадан төмөн алынгандыгына байланыштуу 6000 сомго үнөмдөлгөн.
Көмүр алуу үчүн (ст.22241100) үнөмдөлгөн 6000 сом өлчөмүндөгү акча каражатын мамлекеттик сатып алуу боюнча окууга 5500 сомун,500 сомун газетага жазылуу үчүн жылдырууга,мындан тышкары электр энегиядан үнөмдөлгөн акча каражаттан башкаруу аппаратына ,7900 сом акча каражатын социалдык фонддун жана казына бөлүмүнүн отчетторун тапшырууда электрондук цифровой колду бекитүүгө Ру Токен ЭЦП алууга,Нарын райондук администрациясына иш кагаздарын Аскид программасына киргизүү учүн компьютер принтери менен алууга 44900 сом,Казан-Куйган айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Талаа участкасына кар калың жаап,жолдорду тазалоого 15000 сом,2016-жылдын 2-сентябрындагы Иш ГД- 340/16 Н 5 АН-05-72/16-ГД сандуу соттун аныктамасын аткаруу жөнүндө 3243 сом мамлекеттин пайдасы үчүн мамлекеттик алым үчүн,налог салыгын чогултууда кассовый аппарат алынган,бул аппаратты оңдоо,текшерүү үчүн кварталына 360 сомдон 4 кварталга келишим боюнча 1440 сомго,Казан-Куйган айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Талаа участкасына кар калың жаап,жолдорду тазалоо иштерине 20500 сом,2016-жыл маданият жана тарых жылы деп жарыялангандыктан,тарых жана маданият жылына карата иш чараларды өткөрүүгө 35417 сомго башка статьяларга жылдырып берүү өтүнүчүн угуп жана талкуулап Казан-Куйган айыл аймагынын айылдык Кенешинин 35 сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Казан-Куйган айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнөн үнөмдөлгөн акча каражаты төмөндөгүдөй статьяга жылдырылып,бекитип берилсин :
№ | Статья | Чыгаша бөлүктүн аталышы | Сумма (миң сом) |
Башкаруу аппараты | |||
1 | 28231100 | Сот чечимин аткаруу | 3,2 |
2 | 22153100 | Мамлекеттик кызматкерлерди окутууга чыгымдар | 5,5 |
3 | 22211200 | Курулмаларды учурда оңдоо | 20,5 |
4 | 22154900 | Башка кызмат көрсөтүүго акы төлөөгө байланышкан чыгымдар | 9,9 |
5 | 31123230 | Компьютер жана принтер алууга | 44,9 |
|
| Баардыгы: | 84,0 |
Маданият бөлүмү (клуб) | |||
1 | 22154100 | Өкүлчүлүк жана жолугушууларды уюштурууга кеткен чыгашалар | 35,4 |
|
| Баардыгы : | 119,4 |
Баары – 119,4 сом (Бир жүз он тогуз миң төрт жүз сом)
2. Тиешелүү документтерди даярдап,токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кенештин депутаттарына,туруктуу комиссиясына жана айыл аймагынын башкы бухгалтериА.Шалтаевага милдеттендирилсин.
Төрага | М.Солтонкулов |