Загрузка документа…
БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын XVIII чакырылышынын кезексиз I- сессиясы
2017-жылдын 9-январы №1/3
Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүнөн 1-январь 2016-жылга калдык акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
1. Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетиндеги 1-январь 2016-жылга калдык акчасы 492622 (төрт жүз токсон эки миң алты жүз жыйырма эки) сом, жана атайын каражатка ата- энелерден түшкөн 62800 (алтымыш эки миң сегиз жүз) сом акча каражатын бөлүштүрүү боюнча Баш-Кайынды айылдык Кеңешинин депутаты тармактык комиссиясынын төрагасы Н.Мусакановдун жана Баш-Кайыңды айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Карыбек уулу Айбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
· Баш-Кайыңды айыл аймагындагы ФАПтын мешин алмаштыруу жана көмүр кана салуу үчүн 50 000 (элүү миң) сом бекитилсин.
· Большевик айылындагы ФАПтын ички ремонт иштери үчүн 35 000 (отуз беш миң) сом бекитилсин.
· Баш-Кайыңды айылындагы мечитке дааратканасын оңдоо үчүн 4400 (төрт миң төрт жүз) сом бекитилсин.
· Айылдык кеңештин төрагасынын 1 жылдык эмгек акысы үчүн 14100 (он төрт миң бир жүз) сом бекитилсин.
· Большевик айылындагы «Аруузат» бала бакчасына суу киргизүү үчүн 60 000 (алтымыш миң) сом бекитилсин.
· Баш-Кайыңды айылындагы бала бакчасынын ашканасына вытяжной зонт алуу үчүн 20 000 (жыйырма миң) сом бекитилсин.
· Жаштар уюмуна бөлүнгөн кабинеттин ичин жасоо үчүн 20 000 (жыйырма миң) сом бекитилсин.
· Айыл өкмөтүнө порталга кирип иштөө үчүн ноутбук сатып алуу үчүн 25 000 (жыйырма беш миң) сом бекитилсин.
· Айыл өкмөтүнө конц.товар алуу үчүн 10 000 (он миң) сом бекитилсин.
· Ит атуу үчүн 15 000 (он беш миң) сом бекитилсин.
· Вет. клиника ачуу үчүн 100 000 (бир жүз миң) сом бекитилсин.
· Ат-Башы райондук военкоматка Д.Асновдун бурчун уюштуруу үчүн 5000 (беш миң) сом бекитилсин.
· Ч.Асеков атындагы орто мектепке проект үчүн 82 000 (сексен эки миң) сом бекитилсин.
· Аман Шадыбеков атындагы жана Аруузат бала бакчасынын питаниясына 30 000 (отуз миң) сом бекитилсин.
· Аман Шадыбеков атындагы жана Аруузат бала бакчасынын дары-дармектери үчүн 5000 (беш миң) сом бекитилсин.
· Тех. надзорго -17 100 (он жети миң бир жүз) сом бекитилсин.
· Баш-Кайыңды айыл аймагынын А.Шадыбеков атындагы бала бакчасынын ата — энелерден түшкөн 62800 (алтымыш эки миң) сом акча каражатын ысык тамагына жумшалсын.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www.bash-kayindy.org.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы У.Шадыбековго жүктөлсүн.
Төрага | Д.Жумаков |