ТоктомКүчүндө

Баш-Кайыңды айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 28-апрелиндеги № 3/2 «Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнө кошумча булактандан түшкөн 350,9 миң сом акча каржатын бөлүү жөнүндө» токтому

Редакция28.04.2016 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын XXVII чакырылышынын кезексиз III- сессиясы

 

2017 -жылдын 28-апрели № 3/2

Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнө кошумча булактандан түшкөн 350,9 миң сом акча каржатын бөлүү жөнүндө

Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнө кошумча булактандан түшкөн 350,9 миң сом акча каржатын бөлүү боюнча Баш-Кайыңды айылдык Кеңешинин «Финансы бюджет, ишкердикти өнүктүрүү» боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Мусакановдун маалыматын угуп жана талкуулап, Баш-Кайңыды айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнө кошумча булактандан түшкөн 350,9 миң сом акча каржатын төмөндөгүдөй өлчөмдө белгиленсин.

·         Электр энергияга берилген лимитке жетпей калган акча каражатына - 100 000 ( жүз миң) сом бекитилсин.

·         Бейиттин көчөсүнө шагыл төгүү үчүн - 80 000 (сексен миң) сом бекитилсин.

·         С.Бокоев көчөсүнө шагыл төгүү үчүн - 65 000 (алтымыш беш миң) сом бекитилсин.

·         Жунус уулу Куттубай көчөсүнө шагыл төгүү үчүн - 65000 (алтымыш беш миң) сом бекитилсин.

·         Таза сууга - 15 000 (он беш миң) сом бекитилсин.

·         Чыпай Асеков мектебинин айланасын тосуу үчүн- 10 000 (он миң) сом бекитилсин.

·         Большевик айылындагы А.Табылдиев атындагы орто мектебине холодильник алуу үчүн - 15900 (он беш миң тогуз жүз ) сом бекитилсин.

2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www.bash-kayindy.org.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын жана көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы У.Шадыбековго тапшырылсын.

 

Төрага

Т.Жунусов