Загрузка документа…
БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын XXVII чакырылышынын кезексиз III- сессиясы
2017-жылдын 28-апрели № 3/6
Баш -Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүндө базарга сатылуучу бодо малдарга берилген справканы жарандарга бекер берүү жөнүндө
Баш -Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүндө базарга сатылуучу бодо малдарга берилген спавканы жарандарга бекер берүү боюнча Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын сессиясында угуп жана талкуулап Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүндө базарга сатылуучу бодо малдарга берилген справка жарандарга бекер берилсин.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www.bash-kayindy.org.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы У.Шадыбековго жүктөлсүн.
Төрага | Т.Жунусов |