Загрузка документа…
БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын XXVII чакырылышынын кезексиз III- сессиясы
2017 -жылдын 28-апрели № 3/7
Баш - Кайыңды айылынын тургуну Жанусаков Шайлообайдын арызын канатандыруу жөнүндө
Баш -Кайыңды айылынын тургуну Жанусаков Шайлообайдын Саз участкасындагы жашап турган тамы короо жайы менен жеке менчикке бекитип берүү боюнча Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кенешинин депутаттарынын сессиясында угуп жана талкуулап Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баш-Кайыңды айылынын тургуну Жанусаков Шайлообайдын Саз участкасындагы жашап турган тамы короо жайы менен жеке менчикке бекитилип берилсин.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www.bash-kayindy.org.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы У.Шадыбековго жүктөлсүн.
Төрага | Т.Жунусов |