Загрузка документа…
БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын XXVII чакырылышынын кезексиз III- сессиясы
2017 -жылдын 27-май № 4/1
Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнө кошумча бюджетине түшкөн 350,9 миң сом акча каржатын элдин талабына ылайык кайра кароо бөлүү жөнүндө
Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнө кошумча бюджетине түшкөн 350,9 миң сом акча каржатын элдин талабына ылайык кайра кароо боюнча Баш-Кайыңды айылдык Кеңешинин «Финансы бюджет, ишкердикти өнүктүрүү» боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Мусакановдун маалыматын угуп жана талкуулап, Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетине мергенчиликтен түшкөн 350,9 (үч жүз элүү миң тогуз жүз) сом акча каржатын элдин талабына ылайык төмөндөгүдөй өлчөмдө белгиленсин.
Калмак арыктын жана атайын техника алуу долбоору жактырылсын.
Жайыт комитетине трактор алууга жана Калмак арыктын ремонтуна өздүк салым үчүн - 350,9 сом акча каражаты каржыланып берилсин
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www.bash-kayindy.org.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын жана көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы У.Шадыбековго тапшырылсын.
Төрага | Т.Жунусов |