Загрузка документа…
БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 27-май № 5/1
Баш-Кайыңды айылындагы китепкананын наамын Баатыр эне «Кыргыз Республикасынын Ардактуу айымы» Айтбаева Сайрагүлдүн наамын берүү жөнүндө
1. Баш-Кайыңды айылындагы китепканага Баатыр эне «Кыргыз Республикасынын Ардактуу айымы» Айтбаева Сайрагүлдүн наамын берүү жөнүндөгү өтүнүчүн угуп жана талкуулап Баш - Кайыңды айылдык Кеңеши токтом кылат:
2. Баш-Кайыңды айылындагы китепканага Баатыр эне «Кыргыз Республикасынын Ардактуу айымы» Айтбаева Сайрагүлдүн наамы берилсин.
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www.bash-kayindy.org.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы У.Шадыбековго жүктөлсүн.
Төрага | Т.Жунусов |