Загрузка документа…
БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын XXVII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
2017-жылдын 3-августу № 6/1
Баш-Кайыңды айыл аймагынын №4018 Баш-Кайыңды жана №4019 Кара-Тал участкалык шайлоо комиссиясына талапкерлердин курамын бекитүү жөнүндө
Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баш-Кайыңды айыл аймагынын №4018 Баш-Кайыңды, №4019 Кара-Тал участкалык шайлоо комиссиясына төмөндөгү талапкерлердин курамы сунушталсын. (тиркеме тиркелет)
2. №4018 Баш-Кайыңды, №4019 Кара-Тал участкалык шайлоо комиссиясынын курамын бекитип берүү жагы Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www.bash-kayindy.org.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы У.Шадыбековго жүктөлсүн.
Төрага | Т.Жунусов |