Загрузка документа…
БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын XXVII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
2017 -жылдын 3 августу № 6/2
Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адис статист кызмат ордун, штаттык бирдигинин сметасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 17- март 2014-жылдагы № 145 токтому, 19-декабрь 2014-жылдагы №175 жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына ыйгарым укутарын өткөрүп берүүнүн тартиби жөнүндөгү токтомунун негизинде Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адис статист кызмат ордун, келишимин бекитүү жөнүндөгү өтүнүчүн угуп жана талкуулап Баш- Кайыңды айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 17- март 2014-жылдагы № 145 токтому, 19-декабрь 2014-жылдагы №175 жергиликтүү өзүн -өзү башкаруу органдарына ыйгарым укуктарын өткөрүп берүүнүн тартиби жөнүндөгү токтомунун негизинде келишими бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Карыбек уулу Айбекке милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Жунусов |