Загрузка документа…
БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 3-августу № 6/4
Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү КБФнын жериндеги Большевик айылындагы 1,5га сугат айдоо жерди пайдаланууда түшкөн арызды кароо жөнүндө
Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү КБФнын жерлеринен 2015-жылы жаштарга деп түз берүү жолу менен 1,5 га жер аянты берилген . Бул жерге 2015-2016-ж.ж. үчүн аренда акы буга чейин төлөнгөн жок жана кароосуздан сугат суусу менен камсыз болбой келген. Ушуга байланыштуу 1,5га жер Баш-Кайыңды айыл өкмөтүнө өткөрүлүп берилип, 2017-жыл үчүн аукцион аркылуу ижарага берүү үчүн Айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Большевик айылындагы 1,5га жер аянты айыл өкмөтүнө өткөрүлүп 2017-жыл үчүн аукционго жарыяга берилсин жана 2015-2016ж.ж төлөнбөй келген төлөмдөр айыл өкмөтүнө төлөмдөр өндүрүлсүн.
2. Бул токтомдун аткаруу жагы Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер боюнча адиси Ж.Каналиевге милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Жунусов |