Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 14-ноябры ПЖ № 544 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ "Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун жалпы элдик талкуулоо тууралуу Конституциялык кењешменин катышуучулары өткөрүлгөн жыйналыштардынжүрүшүндө оозеки, ошондой эле Конституциялык кењешменин Катчылыгынакаттарда жана кайрылууларда берилген бир кыйла сунуштарды жана сын-пи-кирлерди киргизди. Конституциялык кењешменин төрагасынын дарегине депу-таттык фракциялардан жана топтордон да сунуштар, жарандардан, уюмдарданжана ар кыл бирикмелерден көп сандаган каттар келип түштү, аларда конс-титуциялык реформа жана аны жүзөгө ашыруунун жүрүшү жөнүндө маанилүүсунуштар камтылган. Мында республиканын коомдук-саясий күчтөрүнүн өкүлдөрүнүн жана жа-рандык коомдун өкүлдөрүнүн көрсөтүлгөн жигердүүлүгү талкууланып жатканайрым конституциялык түзөтүүлөрдүн өтө актуалдуулугу жөнүндө күбөлөптурат. Бирок келип түшкөн каттарда пикирлер менен көзкараштардын айрымтөп келүүлөрү гана эмес, ошондой эле таптакыр окшошпогон өњүттөр жанабири-бирине карама-каршы келген ой жүгүртүүлөр камтылган. Баяндалгандарды эске алып, "Кыргыз Республикасынын Конституциясынаөзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасы-нын Мыйзамынын долбоорун жалпы элдик талкуулоону жүргүзүү зарыл депэсептейм жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 1, 23 жана42-статьяларын жетекчиликке алып, токтом кылам: 1. Ушул Жарлыкка тиркелген "Кыргыз Республикасынын Конституциясынаөзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасы-нын Мыйзамынын долбоору жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын. "Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү жана толук-тоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунжалпы элдик талкуулоо 2005-жылдын 15-декабрына чейин жүргүзүлсүн. 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү: - борбордук, жергиликтүү аткаруу бийлик органдарынын жана жерги-ликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын системасында зарыл түшүндүрүүиштерин жүргүзүү үчүн квалификациялуу адистердин катышуусу менен Мый-замдын долбоорунун жоболорун жашаган жери боюнча чогулуштарда жана уюм-дарда жарандар талкуусун уюштурууну караган ишчаралардын планын иштепчыксын; - "Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү жана то-луктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоо-рун жалпы элдик талкуулоонун жүрүшүн жалпыга маалымдоо каражаттарындакењири чагылдырууну уюштуруу боюнча чараларды көрсүн. 3. Областтардын жана райондордун мамлекеттик администрацияларынынбашчылары, жергиликтүү өзалдынча башкаруунун башчылары: - ишенип берилген аймакта жашаган жарандар алдыдагы конституциялыкреформанын милдеттерин түшүнүшүнө аларга жардам көрсөтүүнү биринчи ке-зектеги тартипте уюштурсун; - жарандардан келип түшкөн каттарды, ошондой эле "Кыргыз Республи-касынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүжөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча жарандар оо-зеки айткан сунуштар жана сын-пикирлер жөнүндө жыйынды маалыматты Конс-титуциялык кењешменин жооптуу катчысына тезарада жөнөтүп турсун. 4. Конституциялык кењешменин жооптуу катчысы "Кыргыз Республикасы-нын Конституциясына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө"Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча жарандардан эмгек жа-мааттарынан, коомдук бирикмелерден келип түшкөн сунуштарды жана кайры-лууларды жалпылоону, ошондой эле тиешелүү талдоо жүргүзүүнү камсыз кыл-сын. 5. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев