Загрузка документа…
КАБЫЛАН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 18-августу № 13/1
Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү аз камсыз үй бүлөлөргө жөлөк пулдарды чектөөдө атайын түзүлгөн комиссиялардын жана жер титирөөдөн жапа чеккендерге жардам берүүдө аткарылган иштер жөнүндө
КР Өкмөтүнүн Ош областтык ыйгарым укуктуу өкүлү-губернатор Т.Сарыбашовдун чектелген жөлөк пулдун мыйзамдуу жана даректүү төлөнүшүн камсыздоо боюнча №4 протоколдук тапшырмасынын негизинде Алай райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким И.Ташкуловдун 18.04.2016-жылдагы №80 буйругун аткарууга алган Алай райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын 29.04.2016-жылдагы №23 буйругун аткаруу жөнүндө жана жер титирөөдөн жапа чеккендерге жардам берүүдө айыл аймагынын тиешелүү кызматкерлердин аткарган иштери жөнүндө талкуулап
Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. КР Өкмөтүнүн Ош областтык ыйгарым укуктуу өкүлү-губернатор Т.Сарыбашов чектелген жөлөк пулдун мыйзамдуу жана даректүү төлөнүшүн камсыздоо боюнча №4 протоколдук тапшырмасынын негизинде Алай райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким И.Ташкуловдун 18.04.2016-жыдагы №80 буйругун аткарууга алган Алай райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын 29.04.2016-жылдагы №23 буйругун аткарууга алып, ар бир айылда жөлөк пул алып жаткан үйбүлөөлөрдүн даректүүлүгүн, чектелген жөлөк пулдун мыйзамдуулугун комиссиянын кароосунан дагы өткөрүп карап чыгып, турмуш-шарты жакшырган үйбулөөлөрдүн, жумуш иштеп миграцияга кетип башка жакта иштеп жұргөн жөлөк пул алуучулардын жөлөк пулун мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча иш-аракеттерди карап чыгып, жөлөк пулду дайындоодо мыйзамдуу жана даректүү жүргүзүү талабын аткаруу түзүлгөн комиссияга жүктөлсүн.
2. Жер титирөөдөн жапа чеккендерге бардык келген гуманитардык жардамдар комиссиянын чечиминин негизинде өз убагында даректүү берилгендиги белгиленсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмотүнүн башчысы Т.Камиловго, көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | У. Кадыркулов |