Загрузка документа…
КАБЫЛАН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын XIII заседаниеси
2016-жылдын 18-августу № 13/4
Кабылан-Көл айыл өкмөтүнө караштуу Кабылан-Көл - Талдык жолун Кыргыз Республикасынын транспорт жана Коммуникация министрлигинин балансына өткөрүү жөнүндө
Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн элинин эң көйгөйлүү маселелеринин бири болгондуктан Кабылан-Көл - Талдык жолун Кыргыз Республикасынын транспорт жана Коммуникация министрлигинин балансына өткөрүү боюнча Кабылан-Көл айылдык кенешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн элинин эң көйгөйлүү маселелеринин бири болгондуктан Кабылан-Көл - Талдык жолун Кыргыз Республикасынын транспорт жана Коммуникация министрлигинин балансына өткөрүү болгондуктан бул багыттагы тиешелүү документтерди даярдап, жогорку органдарга жиберүү жагы Кабылан-Көл айыл өкмөтүнун башчысы Т.Камиловго жүктөлсүн .
2. Кабылан-Көл айыл өкмөтүнө караштуу Кабылан-Көл - Талдык жолун Кыргыз Республикасынын транспорт жана Коммуникация министрлигинин балансына өткөрүү Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникация министрлигинен суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөт башчысы Т.Камиловго тапшырылсын. Көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин жер жана айыл чарбасы, экология боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | У. Кадыркулов |