Загрузка документа…
КАБЫЛАН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын XIII заседаниеси
2016-жылдын 18-августу № 13/5
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча агентигинин макулдашылып түзүлгөн келишимдин долбоорун түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын калкты жана жарандык абалды актыларын каттоо департаментинин 2016-жылдын 15-августундагы № 25-1/2572 катынын негизинде, Кыргыз Республикасынын этностор аралык мамилелер менен макулдашылган долбоорун угуп талкулап Кабылан- Көл айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын, калкты жана жарандык абалды актыларын каттоо департаментинин 18.05. 2016-жылдагы № 25-1/2572 каты жетекчилике алынып, аткарылышы камсыз кылынсын
2. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндогү” Мыйзамын ишке ашыруу боюнча 2016-жылдын 12-июлундагы Кыргыз Республикасынын Биринчи вице- премьер министри М. Д. Абулгазиевдин жетекчилигинде өткөн кенешмесиндеги протоколдук тапшырмасынын негизинде Кыргыз республикасынын Конституциясын, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндөгү” Мыйзамдарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын, калкты жана жарандык абалды актыларын каттоо департаментинин Алай райондук мамлекеттик ЖААК бөлүмү менен Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн түзгөн келишими бекитилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышы Кабылан- Көл айылдык кенешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | У. Кадыркулов |