Загрузка документа…
КАБЫЛАН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 15-ноябры № 16/1
Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2016-жылдын 11-айынын сметасына такталган планына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
”Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндөгү” мыйзамынын 17-беренесине ылайык, Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2016-жылдын 11-айынын сметасына такталган планына өзгөртүү киргизүү жөнүндө бюджеттик комиссия талкуулап Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын кезексиз XVI заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. ”Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндөгү” мыйзамынын 17-беренесине ылайык, Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн 2016-жылдын 11-айына бекитилген сметасынын төмөндөгү салыктын түрлөрүнө такталган планга өзгөртүү киргизүү жагы каралсын.
К/н | Берененин аталышы | берене | бардыгы | 4-квартал | |
көбөйтүү | азайтуу | ||||
1 | Жер казынасын пайдалануу укугунун лицензиясын кармоо учун акы | 14151 200 | 107,3 | 107,3 | |
| Бардыгы: | 107,3 | 107,3 | ||
2. Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн 2016-жылдын 11-айына бекитилген сметасынын төмөндөгү беренесинин такталган планга өзгөртүү киргизүү жагы каралсын.
бөлүм | Бөлүмдүн аталышы | Берененин аталышы | берене | бардыгы | 4-квартал | |
көбөйтүү | азайтуу | |||||
701 | Аппарат | Имараттар ж-а курулуштар | 3111 | 107,3 | 107,3 |
|
|
| Бардыгы: | 107,3 | 107,3 |
| |
3. Жогорудагы акча каражатын 2016-жылдын 11- айына бекитилген сметасынын киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизип берүү жагы Алай райондук финансы бөлүмүнөн суралсын.
4. Өзгөртүү киргизилген акча каражатын мыйзамдуу, максаттуу жумшоо жана ушул токтомдун аткарылышын ФЭБ башчысы Н.Сагынбаевге милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | У. Кадыркулов |