Загрузка документа…
КАБЫЛАН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын XIII заседаниеси
2016-жылдын 28-ноябры № 17/2
Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2016-жылдын 12-айынын сметасына такталган планына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Камиловдун билдирүүсүн угуп, бюджеттик комиссия талкуулап Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын кезексиз 17- заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик укуктук негизги принциптери жөнүндөгү” Мыйзамынын 17-беренесине ылайык Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн төмөндөгү 2016-жылдын 12 - айына бекитилген сметасынын төлөмдөрдүн түрлөрүнө такталган планга өзгөртүү киргизүү жагы каралсын.
№ | Беренелердин аталышы | Берене | Бардыгы | IV - кварталга | |
Көбөйтүү | Азайтуу | ||||
1 | Жер казынасын пайдалануу укугунун лицензиясын кармоо үчүн акы | 14151200 | 12,4 | 12,4 |
|
| Бардыгы: |
| 12,4 | 12,4 |
|
2. Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн 2016-жылдын 12 – айына бекитилген сметасынын төмөнкү беренесинин такталган планга өзгөртү киргизүү жагы каралсын.
Бөлүм | Бөлүмдүн аталышы | Беренелердин аталышы | Берене | Бардыгы | III-кварталга | |
Көбөйтүү | Азайтуу | |||||
701 | Аппарат | Учурдагы чарбалык максат үчүн башка уюмдарды жана материалдарды алуу | 22221200 | 12,4 | 12,4 |
|
| Баары: |
|
| 12,4 | 12,4
|
|
3. Жогорудагы акча каражатын 2016-жылдын 12-айына бекитилген сметасынын киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизип берүү жагы Алай райондук финансы бөлүмүнөн суралсын.
4. Өзгөртүү киргизилген акча каражатын мыйзамдуу, максаттуу жумшоо жана ушул токтомдун аткарылышын ФЭБ башчысы Н. Сагынбаевге милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы Т. Камиловго милдеттендирилсин.
Төрага | У. Кадыркулов |