Загрузка документа…
КАБЫЛАН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын XVIII заседаниеси
2016-жылдын 26-декабры № 18/1
Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү бардык түрдөгү салыктардын , арендалардын жана жайыт комитетинин пландарынын аткарылышынын абалы жөнүндө
Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү бардык түрдөгү салыктардын , арендалардын жана жайыт комитетинин пландарынын аткарылышынын абалы жөнүндө талкуулап Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү бардык түрдөгү салыктардын , арендалардын жана жайыт комитетинин пландары толук аткарылгандыгы белгиленсин.
2. Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн ижарага берилген жерлердин аренда акысы үчүн жер салыгын жыйноо жана келип түшкөн каражаттарды жергиликтүү бюджетке багыттоо С.Сактановго жүктөлсүн.
3.. Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү бардык түрдөгү салыктарды өз убагында жыйноо планды мезгилинде аткаруу салык кызматкери К.Абжалиевге милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Камиловго жүктөлсүн жана айылдык кенештин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | У. Кадыркулов |