Загрузка документа…
КАБЫЛАН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын XVIII заседаниеси
2016-жылдын 26-декабры № 18/2
Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү социалдык объектилердин жана мекемелердин кышка карата даярдыгы жөнүндө
Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү мектептер, бала бакча, медпункт жана башка мекеме ишканалардын карата даярдыгы жөнүндө айылдык Кенештин депутаты Темирмамат уулу Аматбектин маалыматын угуп жана талкуулап Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү мектептер, бала бакча, медпункт жана башка мекеме ишканалардын карата отун-көмур менен жетиштүү камсыз болгондугу белгиленсин.
2. Мекеме ишканалардын мештерин тазалап, эшик-терезелерин жылулоо иштери камсыздоо жана жылуулуктун берилишин үзгүлтүксүз колго алуу алардын мекеме жетекчилерине милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмотүнүн башчысы Т.Камиловго, көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | У. Кадыркулов |