Загрузка документа…
КАБЫЛАН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын XVIII заседаниеси
2016-жылдын 26-декабры № 18/3
Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн калкын таза суу менен камсыз кылууда “Курбу-Булак” ИСКААКБсынын аткарган иштеринин абалы жөнүндө
Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн калкын таза суу менен камсыз кылууда “Курбу-Булак” ИСКААКБсынын аткарган иштеринин абалы жөнүндө айылдык Кенештин депутаты Мадаев Гүлжигиттин маалыматын угуп жана талкуулап Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн калкын таза суу менен камсыз кылууда “Курбу-Булак” ИСКААКБсынын аткарган иштеринин айрым кемчиликтерди эске алуу менен иштин жүрүп жаткандыгы белгиленсин.
2. Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн калкын таза суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу, жана бузулган колонкаларды өз убагында оңдоо, калкты тейлөөдө алгылыктуу кызмат көрсөтүү “Курбу-Булак” ИСКААКБсынын жетекчисине милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Камиловго, көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | У. Кадыркулов |