Загрузка документа…
КАБЫЛАН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын XVIII заседаниеси
2016-жылдын 26-декабры № 18/5
Кыргыз Республикасынын премьер –министри С.Ш. Жээнбековдун 2016-жылдын 18-декабрындагы № 540-б буйругун аткаруу жөнүндө
Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү Кабылан-Көл –Талдык автомобиль жолу муниципалдык жолдор категориясынан жалпы пайдалануудагы жолдор категориясына которулуп, кайра курулушу башталганына байланыштуу Кабылан-Көлдөн Кара-Суу районунун чегине чейин (7 км) жолдун ордун 18,2 га жерди “Ош-Сары –Таш-Эркештам” авто жол башкармалыгынын Алай ДЭП -959 ишканасына чектелип өткөрүп берүү максатында Кабылан-Көл айылдык кенешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кабылан-Көл айыл өкмөтүнөн Кара-Суу районунун чек арасына чейин (7 км) жолдун ордун 18,2 га жерди “Ош-Сары –Таш-Эркештам” авто жол башкармалыгынын Алай ДЭП -959 ишканасына чектелип өткөрүлүп берилсин.
2. Ушул кабыл алынган токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана жердин юридикалык документтерин даярдап берүү жагы Алай райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлкко укукту каттоо башкармалыгынан суралсын.
3. Көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин экономикалык саясат муниципалдык менчик, калкты жерге жайгаштыруу, жер жана айыл чарбасы, экология боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | У. Кадыркулов |