Загрузка документа…
ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарын алтынчы чакырылышынын кезексиз сессиясы
2017-жылдын 7-февралы № 1/4
Жекенди айылдык аймагынын 2015-жылдагы жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы жөнүндө
Жекенди айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жекенди айылдык аймагынын 2016-жылдагы жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 22057,1 мин сомго, бюджеттин чыгаша бөлүгү 21190,1 миң сомго аткарылгандыгы жактырылсын.
2. Жекенди айылдык аймагынын 2016-жылдагы жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылгандыгын бекитүү жана жактыруу менен бирге айылдык аймактын башчысы Н.Акматовдун доклады канаатандырарлык деп табылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өнөр-жай, курулуш, транспорт, соодо байланыш, инвестиция, энергетика маселелери жана социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилип, аткаруу жагы айылдык аймактын башчысы Н.Акматовго жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы С.Маматовго жүктөлсүн.
Төрага | С.Д.Халилов |