Загрузка документа…
ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарын алтынчы чакырылышынын кезексиз сессиясы
2017-жылдын 7-февралы № 1/5
Жекенди айылдык аймагынын 2017-жылга жергиликтүү бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө
Жекенди айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жекенди айыл өкмөтүнүн 2017-жылга жергиликтүү бюджети кирешелер боюнча 13601,3 миң сом суммасында жана чыгашалар боюнча 13601,3 миң сом суммасында 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2018-2019-жылдарга жергиликтүү бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнүн төмөнкүдөй болжолу 2-тиркемеге ылайык жактырылсын:
1) 2018-жылга кирешелер боюнча болжол – 13686,2 миң сом суммасында, 2019-жылга - 14216,3 миң сом суммасында;
2) 2018-жылга чыгымдар боюнча болжол – 13686,2 миң сом суммасында, 2019-жылга – 14216,3 миң сом суммасында;
3. Жекенди айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин пландоо бюджети 269,6 сомго бекитилсин, шарттуу малдын саны 3931 бирдик, жайыт пайдалануу үчүн төлөм 76 сомго жактырылсын.
Жекенди айыл өкмөтүнүн пайдаланылган жайыт жери 38400 гектарга белгиленсин, ар бир гектарга салыктык базалык ставкасы 2,75 сомдон 105600 миң сом айыл чарба жерлерин пайдалануу үчүн жер салыгы айыл өкмөтүнүн бюджетине чегерилсин.
Жайыт жерлерин пайдалангандык үчүн төлөмдүн кирешелер боюнча 375,5 миң сом суммасында жана чыгашалар боюнча 375,5 миң сом суммасында жергиликтүү бюджеттин каражаттарына 1-тиркемеге кошо бекитилсин.
4. Корголгон беренелер (эмгек акы, Социалдык фондуна чегерүүлөр, дары-дармектерди жана тамак-аш азыктарын сатып алуу,көмүр отун, жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр),чыгашаларды каржылоо биринчи кезектеги тартипте жүргүзүлсүн.
5. Жекенди айыл өкмөтүнүн аппаратына 21 штаттык бирдик каралсын анын ичинен техникалык жана кенже тейлөөчү кызматкер 2 штат.
Клубдарга 3 штаттык бирдик каралсын анын ичинен техникалык жана кенже тейлөөчү кызматкер 1 штат.
Китепканаларга 6 штаттык бирдик каралсын анын ичинен техникалык жана кенже тейлөөчү кызматкер 1 штат
6. Айыл өкмөттүн түзүмүнө бир ветеринардык врач бир жылга контракттык негизде алынсын.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өнөр-жай, курулуш, транспорт, соодо байланыш, инвестиция, энергетика маселелери жана социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилип, аткаруу жагы айылдык аймактын башчысы Н.Акматовго жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы С.Маматовго жүктөлсүн.
8. Ушул Токтом расмий жарыяланууга жатат жана 2017-жылдын 7-февралдан тартып күчүнө кирет.
Төрага | С.Д.Халилов |