Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
        КР Президентинин 2006-жылдын 27-апрелиндеги ПЖ №188               Жарлыгына ылайык күчүн жоготту  Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 18-ноябры ПЖ № 574              КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ            Кыргыз Республикасынын Президентинин 1998-жылдын         22-октябрындагы "Кыргыз Республикасында корпорациялык        башкаруунун туруктуу системасын түзүү жөнүндө" Указына                       толуктоо киргизүү тууралу      Айылчарба өндүрүшчүлөрүн  мамлекеттик  колдоону  натыйжалуу камсызкылуу жана жабык типтеги "Кыргыз айылчарба финансылык корпорациясы" ак-ционердик коомунун жетекчилик курамын түзүү максатында токтом кылам:      1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 1998-жылдын 22-октябрында-гы  №  323  "Кыргыз  Республикасында корпорациялык башкаруунун туруктуусистемасын түзүү жөнүндө" Указына төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:     - 2-пункттун  экинчи  абзацындагы "Алтын Эйр"," деген сөздөн кийин"Кыргыз айылчарба финансылык корпорациясы" деген сөздөр кошулсун.      2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген тартипте жабык типте-ги "Кыргыз айылчарба финансылык корпорациясы" акционердик коомунун  ак-ционерлеринин  жалпы  чогулушун  өткөрүү  жана аталган коомдун уставынаушул Жарлыктын 1-пунктуна ылайык өзгөртүүлөрдү киргизүү менен байланыш-кан уюштуруу маселелерин чечсин.      3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.       Кыргыз Республикасынын            Президенти                              К.Бакиев