Загрузка документа…
УЧКУН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Учкун айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXX чакырылыштагы кезектеги III сессиясы
2017-жылдын 18-февралы № 3/6
Учкун айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүндɵ Куланак, Учкун айылынын элдеринин кайрылуу суроо талабына ылайык электр энергиясын 1000 квт эмес 2000 квт кɵтɵрүү жɵнүндɵ
Куланак, Учкун айылынын элдеринин кайрылуу суроо талабына ылайык электр энергиясын 1000 квт эмес 2000 квт кɵтɵрүү боюнча Учкун айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Учкун айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн Куланак, Учкун айылынын элдеринин кайрылуусу кабыл алынсын.
2. Электр энергиясын 1000квттан 2000квт кɵтɵрүү жагын тиешелүү жогорку органдарга сунуштоо Учкун айылдык Кеңешинин туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
3. Учкун айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн башчысы Ушул токтом айыл окмотунун аппаратынан каттоодон өткөрүлүп www.uchkun.naryn-region.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик Укуктук актыларынын мамлекеттин реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жɵнɵтүлсүн.
Төрага | Э. Исмаилов |