Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеңешинин кезексиз XIV сессиясы
2016-жылдын 10-ноябры № 2
«Айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүнүн 2016-жылдын 9-айында ашыкча аткарылышынын эсебинен 2016-жылдын 11-декабрында өтүүчү Референдумга даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө уюштуруучулук жана материалдык-техникалык маселелерди чечүү үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебинин акча каражатын бөлдүртүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана Референдум өткөрүү боюнча Мыйзамынын талаптарын аткаруу максатында айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ;
1.Айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүнүн 2016-жылдын 9-айында ашыкча аткарылышынын эсебинен 2016-жылдын 11-декабрында өтүүчү Референдумга даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө уюштуруучулук жана материалдык-техникалык маселелерди чечүү үчүн 130.0(бир жүз отуз) миң.сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айылдык аймагынын өкмөтбашчысына жүктөлсүн. (Т.Туйбаев)
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин бюджет жанаэкономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.(У.Атабаев)
Төрага | А.Беделов |