Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеңешинин кезексиз XV сессиясы
2016-жылдын 25-ноябры № 3
«Айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүнүн 2016-жылдын 9-айында ашыкча аткарылышынын эсебинен 2016-жылдын IV кварталында аткарылуусу зарыл болгон иштерге акча каражатын бөлдүртүү жөнүндө»
2016-жылдын IV кварталында аткарылуусу зарыл болгон иштерди каржылоо максатында айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүнүн 2016-жылдын 9-айында ашыкча аткарылышынын эсебинен төмөндөгү аткарылуусу зарыл болгон иштерге
343,5миң.сом. акча каражаты бөлүнүп берилсин.
а) Кыш-Абад айылынын Жаңы –Турмуш көчөсүнө кошумча шагыл
төктүрүүгө 58,5 миң.сом
б) Айыл аймагынын инфраструктурасын жакшыртуу максатында 2017-жылы
түрткү берүүчү гранттын эсебинен бүткөрүүлүчү иштерге 3(үч) проект
даярдатууга 150,0 миң.сом
в) Айыл аймагынын айылдарынын көчөлөрүн жашылдандыруу максатында ийне
жалбырактуу дарактардын көчөттөрүн сатып алууга 75,0 миң.сом
г) Айыл өкмөтүнүн алдыңкы аппарат кызматкерлерин сыйлоого
60,0 миң.сом
Жыйынтыгы: (Үч жүз кырк үч миң беш жүз ) 343,5 миң.сом
Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айылдык аймагынын өкмөт башчысына жүктөлсүн. (Т.Туйбаев)
Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин бюджет жана
экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.(У.Атабаев)
Отуз-Адыр айылдык
Төрага | А.Беделов |