Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеңешинин кезексиз XV сессиясы
2016-жылдын 25-ноябры № 4
Котур-Булак» таза суу ишканасынын трубалары өтүүчү линияга караштуу жерлердин жарандар тарабынан жеке менчик турак-жай участокторуна кошуп алышкандыктары жөнүндө
«Котур-Булак» таза суу ишканасынын трубалары өтүүчү линияга караштуу жерлердин жарандар тарабынан жеке менчик турак-жай участокторуна кошуп алууларына жол бербөө максатында айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Котур-Булак» таза суу ишканасынын трубалары өтүүчү линияга караштуу жерлердин жарандардар тарабынан жеке менчик турак-жай участокторуна кошуп алуулары маселесинде айыл өкмөтү тарабынан иш алынып барылсын. (Т.Туйбаев)
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин административдик иштер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. (С.Алдраков)
Төрага | А.Беделов |