Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеңешинин кезектеги XV-сессиясы
2016-жылдын 25-ноябры № 11
Кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерине 49 жылдык мөөнөткө түзүлгөн ижара келишимдерин кайра карап чыгуу жөнүндө
Кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерине түзүлгөн ижара келишимдеринин мыйзамдуулугун камсыз кылуу максатында айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерине 49 жылдык мөөнөт менен түзүлгөн ижара келишимдери кайрадан каралып, келишимдер Жобого ылайык жаңыланып түзүлсүн.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.(Т.Туйбаев)
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Мурзаев Асабидинге тапшырылсын.
Төрага | А.Беделов |