Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин ( VI чакырылыштагы ) депутаттарынын кезектеги IV сессиясы
2016-жылдын 22-ноябры № 27
Адыр айылындагы эски мектептин ордуна бала бакча куруу жөнүндө
Айыл, жер, суу чарба,өнөр жай ,курулуш,траспорт,байланыш,энергетика меселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп , Адыр элинин бала бакча боюнча маселесин чечүүнү көздөп , Мырза-Аке айылдык Кеңешинин ( VI чакырылыштагы ) депутаттарынын кезектеги IV сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Адыр айылындагы аянты 0,16 сотых эски мектептин ордуна бала бакча куруу үчүн жер аянты бөлүнүп берилсин.
2. Өзгөн райондук мамкаттоо башкармалыгынан тиешелүү иш кагаздарын бүтүрүп берүү жагы суралсын.
3. Өзгөн райондук Архитектура башкармалыгынан тийиштүү иш кагаздарын бүтүрүп берүү жагы милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары А.Келдибековко милдеттендирилсин.
Төрага | С.Т.Жусупов |