Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 8-декабрындагы ПЖ № 628 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ Айрым мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарын реформалоо жөнүндө Мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарын башкаруунун корпорациялыкыкмасына которуу, мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарын башкарууга коомчулукту тартуу, өлкөнүн коомдук турмушунда алардын ролун жогорулатуу,ошондой эле коомдо жүрүп жаткан окуяларды объективдүү чагылдыруу макса-тында токтом кылам: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Слово Кыргызстана", "Кыргыз Туусу"басма үйлөрүн (редакцияларын), ошондой эле областтык мамлекеттик админи-страциялар уюштурган областтык газеталардын редакцияларын башкаруунункорпорациялык ыкмасына которууну камсыз кылуу максатында аларды белгилен-ген тартипте акциялаштырсын. 2. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-публикасынын вице-премьер-министрине жүктөлсүн. 3. Бул Жарлык жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев