Загрузка документа…
КАБЫЛАН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 07-февралы № 19/1
Кабылан-Көл айыл өкмотүнүн 2016-жылдын башында бекитилген социалдык экономикалык өнүгүү пландарынын аткарылышы.-социалдык экономикалык өнүгүү планынын 2017-жылга бекитүү жана 2018-2019- жылдарга социалдык экономикалык жактан өнүгүүсү боюнча болжолдуу планынын долбоорун бекитүү жөнүндө
Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын башында бекитилген социалдык экономикалык өнүгүү пландарынын аткарылышы.-социалдык экономикалык өнүгүү планынын 2017-жылга бекитүү жана 2018-2019- жылдарга социалдык экономикалык жактан өнүгүүсү боюнча болжолдуу планынын долбоору боюнча айыл өкмөттүн билдирүүлөрүн угуп жана кызуу талкуулап Кабылан-Көл айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн 2016-жылга түзүлгөн социалдык-экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы боюнча билдирүү эске алынсын.
2. Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн 2017-жылга карата социалдык экономикалык жактан өнүгүү боюнча планынын долбоору жактырылсын жана бекитилсин.
3. Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн 2017-жылга карата социалдык экономикалык жактан өнүгүү боюнча иш пландарынын аткарылышы боюнча уюштуруучулук иштерди жакшыртуу айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерине мекеме жетекчилерине милдеттендирилсин.
4. Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн 2018-2019 - жылдарга карата социалдык экономикалык жактан өнүгүүсүнүн болжолдуу пландары бекитилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин төрагасына жана айылдык кенештин туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Төрага | У.Кадыркулов |