Загрузка документа…
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 10-декабры ПЖ № 632
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
Кыргыз Республикасынын "Коомдук телекөрсөтүү - ЭЛТР"
телерадиоберүү компаниясы жөнүндө
Калктын көзкарандысыз жана объективдүү маалыматка, билим берүү,
балдар, маданий жана оюн-зоок программаларына муктаждыктарын канааттан-
дыруу, ошондой эле коомдук берүүнүн ролун жогорулатуу максатында токтом
кылам:
1 "Ош-3000" мамлекеттик телерадиокомпаниясынын базасында Кыргыз
Республикасынын "Коомдук телекөрсөтүү - ЭЛТР" телерадиоберүү компаниясы
түзүлсүн.
2. (КР Президентинин 2015-жылдын 16-июнундагы ПЖ № 121 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
3. (КР Президентинин 2015-жылдын 16-июнундагы ПЖ № 121 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- ушул Жарлыктан келип чыккан уюштуруу, финансылык жана башка ма-
селелерди чечсин;
- Кыргыз Республикасынын "Коомдук телекөрсөтүү - ЭЛТР" телерадио-
берүү компаниясын башкаруунун корпорациялык ыкмасына этап-этабы менен
которуунун максатка ылайыктуулугу жөнүндө маселени изилдесин;
- өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
5. Кыргыз Республикасынын маалыматтык ресурстар, технологиялар жа-
на байланыш Улуттук агенттиги менен Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик
комиссия бир айлык мөөнөттө мыйзамда белгиленген тартипте бүткүл рес-
публиканын аймагын камтыган метрлик диапазондогу жыштыкты бөлсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы
жањыдан түзүлгөн "Коомдук телекөрсөтүү - ЭЛТР" телерадиоберүү компания-
сын материалдык-техникалык жактан жабдууга көмөк көрсөтсүн.
7. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 1999-жылдын 23-апрелиндеги
№ 176 буйругунун 1-пунктунун экинчи абзацы, 3-6-пункттары;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 1999-жылдын 19-октябрындагы
№ 322 буйругу.
8. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-
публикасынын Президентинин басмасөз кызматына жүктөлсүн.
9. Бул Жарлык жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев