ТоктомКүчүндө

Кызыл-Жар айылдык кеңешинин 2017-жылдын 21-январындагы № 2/1 «Кызыл-Жар айыл Өкмөтүнүн башчылыгына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө» токтому

Редакция21.01.2017 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫЗЫЛ-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Жар айылдык округунун айылдык кеңешинин экинчи сессиясынын (VI шайланган) заседаниеси

 

2017-жылдын 21-январы № 2/1

Кызыл-Жар айыл Өкмөтүнүн башчылыгына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө

»Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-49 –беренесинин жана “Айыл Өкмөтүнүн башчыларын шайлоонун тартиби жөнүндө Жобонун” талаптарына ылайык айыл өкмөт башчысынын кызмат орунуна сунуш кылынган талапкерлерди талкуулап көрүп , Кызыл-Жар айылдык округунун айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1 Кызыл-Жар айыл Өкмөтүнүн башчысынын кызмат орунуна талапкерликке төмөндөгү талапкерлер көрсөтүлсүн:

1 Айсаев Бурканбек Асанбекович -11.08.1970- жылы туулган, билими жогорку, кесиби экономист-финансис, эмгек стажы 26 жыл. Кызыл –Жар айыл аймагында 1970-жылдан бери жашаган .

2 Исраилов Динмухамбет Мырзалиевич 1983 -жылы туулган , билими жогорку кесиби экономист-бухгалтер, эмгек стажы 8 жыл . Кызыл –Жар айыл аймагында 1983- жылдан бери жашайт.

 

Төрага

Моруш уулу Улан