Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Жар айылдык округунун айылдык кеңешинин экинчи сессиясынын (VI шайланган) заседаниеси
2017-жылдын 1-февралы № 3/1
Кызыл-Жар айыл Өкмөтүнүн финансы-Экономика бөлүмүнүн башчысы Б.Арапбаевдин 2016- жылдагы социалдык экономикасынын өнүгүүсү жөнүндө жүргүзүлгөн иштери боюнча маалыматы жана 2017- жылга карата болжолдуу планын бекитүү жөнүндө
Депутаттардын Кызыл-Жар айылдык Кеңешинин кезектеги чакырылган үчүнчү сессиясынын (6-шайланган) жыйналышындагы биринчи маселе боюнча Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Б.Арапбаевдин 2016-жылдагы социалдык экономикасынын өнүгүүсү жөнүндө жергиликтүү бюджетин киреше жагы салыктар жана жыйналыштарды ошондой эле гранттар менен жалпысы 10212 миң сомду түздү. Жүргүзгөн иштери боюча маалыматтын угуп жана талкуулап, депутаттар тарабынан жана башка кызмат адамдары тарабынан сын-ой пикирлер айтылган. Жетишкен ийгиликтерин эске алуу менен Кызыл-Жар айылдык Кеңеши.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Б.Арапбаевдин 2016-жылдагы социалдык экономикасынын өнүгүүсү жөнүндө жүргүзгөн иштери боюнча маалыматты жана 2017-жылга карата 107299,4 сом акча каражатын болжолдуу планын бекитүү жөнүндө планын канаттандырарлык деп табылсын. 665,0 миң сом акча каражаты под.налогдон Минфиндин эсеби боюнча көп каржыланган жогорудагы 655,0 миң сом акча каражатын толуктоочу грантка кошуп берүүңүздү суранат.
2. Токтомду көзөмөлдөө жагын Кызыл-Жар айылдык Кеңешинин депутаттарына жана туруктуу комиссиясынын жергиликтүү бюджетин иштелип жана маданий иштери алып барууну көзөмөлдөө боюнча туруктуу комиссиянын түрагасы С.Матикеевке тапшырылсын.
Төрага | Моруш уулу Улан |