Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-жар айылдык округунун айылдык кеңешинин экинчи сессиясынын (VI-шайланган) заседаниеси
2017-жылдын 1-февралы № 3/3
Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн 2017-жылга карата салыктын түрлөрү боюнча төлөмдөрүнүн баасын көтөрүү жөнүндө
Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн аймагында салыктын түрлөрүнүн баасын 2017-жылга карата көтөрүп берүү жөнүндө. Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн киреше боюнча адиси О.Мырзакановдун маалыматын угуп жана талкуулап Кызыл-Жар айылдык Кеңеши
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. Кырыгз Республикасынын салык кодексинин 337 беренесине ылайык 6- пункутунун негизинде Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн жер салыгынын ставкалары айыл чарба жерлеринин пайдалануучулар үчүн Кызыл-Жар айылдык Кеңешинин депутаттары тарабынан төмөндөгүдөй болуп бекитилсин.
Сугат жер 1га үчүн 116 сом 98 тыйынга;
Кайрак айдоого 1 га үчүн 35,00 сомго;
Чөп орунду 1га үчүн 27 сом 70 тыйынга баасы көтөрүлсүн.
2. Бул чечимди аткарылышын көзөмөлдөө жагын Кызыл-Жар айылдык Кеңешинин депутаттарына жана туруктуу комиссияынын жергиликтүү бюджеттин иштелишин жана маданий иштерди алып барууну көзөмөлдөө боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы С.Матикеевге милдеттендирилсин.
Төрага | Моруш уулу Улан |