Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 7 - шайланышынын 16 - сессиясы
2016-жылдын 29-февралы № 6
Казыбек айылынын тургуну Абдыкеримова Викторияга «Жол-Бел» участкасынан кыштоо салуу үчүн жер бөлүп берүү жөнүндө
Казыбек айылынын тургуну Абдыкеримова Викторияга «Жол-Белек» участкасынан сарай салуу үчүн Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын жер комиссиясынын 2015-жылдын 27-октябрындагы № 9 Протоколунун негизинде, айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.03.2014-жылдагы № 169 токтому менен бекиген жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү Убактылуу Жобонун 16-пунктунун 1,2,3-подпунктуна ылайык жана Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын жер комиссиясынын 2015-жылдын 27-октябрындагы № 9 Протоколунун негизинде Казыбек айыл өкмөтүнө караштуу «Жол-Бел» коктусундагы № 777 контурунун ичиндеги 382,4 га айыл- чарба багытындагы жайыт жеринин ичинен 0,05 га жери курулуш алдындагы жерлердин түрүнө которууга берилген сунуш бекитилсин.
2. Бул токтомду бекитип берүү жагы Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
Төрага | Б. Аттокуров |