Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 7 - шайланышынын 16 - сессиясы
2016-жылдын 29-февралы № 7
2014-2017-жылдар аралыгындагы айыл аймагынын социалдык-стратегиялык өнүгүү планын бекитүү жөнүндө
«2014-2017-жылдар аралыгында Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын» негизинде Казыбек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн өнүктүрүүнүн Жол картасына өзгөртүү- толуктоо киргизилгендиктен иш планды бекитүү максатында, айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. «2014-2017-жылдар аралыгында Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын» негизинде Казыбек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн өнүктүрүүнүн Жол картасына өзгөртүү- толуктоо киргизилгендиктен иш план бекитилсин.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгына жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Мамытовго тапшырылсын.
Төрага | Б. Аттокуров |